акыбал akybal

Арабча: أحوال
    -ысым
  1. Болуш, туруш, статус, аспект, позиция.

-Ачыктама

Бүгүнкү кыргызчада абал формасында да колдонулат.

Арабча hȃl дин көптүк формасы. Арабча hȃl дан кыргызча «ал» келет. Ошентип көп кыргыз жаңылыш түшүнгөндөй «ал» күч эмес, акыбалдыр.

Бул баракка 3 жорум кошулду

Диарбек, кыргызча «ал» сөзү

Диарбек, кыргызча «ал» сөзү «алптын» кыскартылышы эмес, болалбайт. «Ал» арабча "hal"дын эле өзү, ал эми арабча "ahval" "hal"дын көптүк формасы. Анын үстүнө «алп» дагы «күчтү» эмес, «чоңдукту», «бийктикти» белгилейт.

Кыргызчада «бурулган маанисинде эле колдоноберилсин, кыргыз сөздөрүнүн булак тилдеринде маанилерин такыр эле тааныбай, билбей маңкурт болуп жүрөберсин» деген пикирге кошулалбайм. Бирок, «бир тилдин өнүгүсүүндө качынылбас маанилердин өзгөрүүсү болот жана коом тилди каалаган жакка жөндөндүрүп каалаган нугуна салаберет. Бул бир диалектикадыр жана буга өтө кайгырынып кереги жок. Мындай акыбалга карабастан заманбап жана билимдүү кыргыздар кыргызча сөздөрдүн этимологиясын жана булак тилдериндеги маанисин түшүнүп билсе абдан жакшы болот эле» сыяктуу пикирди бөлүшөт элем.

«Туура эмес» деген учурларга капаланбай, кыргызчадагы жаңылыштарды кабыл алсак тилибизди мындан ары өнүктүрөалабыз.

Нурзат, сөздүн бир канча

Нурзат, сөздүн бир канча жазылыш формасы болушу мүмкүн, алардын баарын биринчи сапта берсек сайттын форматы бузулуп калып жатат. Ошонүчүн, булак тилиндеги жазылышка эң жакын формасын биринчи сапка жазып, кошумча маалымат катары берки формаларын ылдый жактагы берип кетүүнү сунуштайм.

Мисалы, бул келименин түшүндүрмөсүндө «Бүгүнкү кыргызчада абал формасында да колдонулат.» деп жазып жогорудагы биринчи сапты кайра өзгөртүп койдум. Эми издөө формасында акыбал жа абалды киргизсең экөө тең издөө натыйжаларында бул баракты көрсөтөт.

Бул шилтемени карасаң түшүнөсүң: http://kyrgyzcha.com/node/105/revisions/view/541/556

А | Б | Д | З | К | Л | М | Н | О | П | Р | С | Т | У | Ч | Ш | Ы | Э | Ү | Ө