Калп казаны кайнабас, кайнаса да куюлбас

Калп казаны кайнабас, кайнаса да куюлбас

http://bulbul.kg/video:4755 барагында берилген видеонун 20:50-чы мүнөтүндө Бексултан Жакиев «Калптын казаны кайнабайт» деген макалды мындай деп жорумдап ачыктаптыр:

Кадыр барктуу кишилер жол жүрүп баратса, бирөө: «Киргиле, уйгө киргиле, чай ичкиле!» деп коет. Анан ишенип отураберет, жок, жок, эчтеке жок. Көрсө калп айтыптыр да. Аскан казаны жок экен. Анан түшүнүшүптүр «Калптын казаны кайнабайт экен» деп. Мына ушундан анан тарап мааниси тереңдеп кеткен. Калптан бир жакшылык күтүүгө болбойт деген мааниде.

Албетте, Бексултан мырзанын жашы жана чыгармачылыгын сыйлап айткандарына кулак салышыбыз керек. Бирок, ошол эле кезде мүмкүн болсо мындай «имиштерден» качынып тарыхый булактарды издеп, салыштырмалуу лингвистиканын куралдарын колдонуп башка тууган элдерде кандай мааниде экенин изилдешибиз керек эмеспи. Анткени, деги эле кыргызча сөз жок, кыргыз тилинин баардык сөздөрү жалпы түрк элдеринин казынасынан келгендей эле кыргыз макал-лакаптардын баары тең жалпы түрк элдеринин макал-лакап казынасына тиешелүү.

http://www.turkiyat.selcuk.edu.tr/pdfdergi/s20/toker.pdf шилтемесинде табылган изилдөө XVIII-чи кылымдын соңунда жашаган чагатай адабиятынын мисалы болгон
Gülhanî; Darbü’l-Mese аттуу чыгарманын мазмундаган макал-лакаптар изилденип, тизмеси берилиптир. Алардын арасында мындай макал да саналган:

Kalb kazanı kaynamas, kaynasa hem kuyulmas. (8/2)

Калб казаны кайнабас, кайнаса да куйулбас.

Демек бул макал жалгыз эле кыргызчада эмес, башка түрк элдеринде да колдонулат экен да. Эми чагатай (өзбек) түрктөрүндө ал кезде «калб» келимеси кайсы мааниде болду экен? Анткени, түрк тилдерине арапчадан келген бул сөздүн эки мааниси бар экен: биринчиси - жүрөк, экинчиси - жалган.

Эми, болжомол катары макалдагы колдонулган сөздүн мүмкүн болгон жүрөк маанисин четке кагалы, жалган маанисин гана калтыралы. Кыргызчада калптын деп тын тиешелик куйругугу кошулуп айтылат экен, аны да калпычынын деп түшүнсө болот экен. Бирок жогорудагы XVIII-чи кылымдын чыгармасында калптын эмес калп казаны жөнүндө айтылат: "Kalb kazanı kaynamas, kaynasa hem kuyulmas" Менимче бул айырмачылык абдан принципиалдуу. Анткени казан сөзүнө карата сапат (сын атточ) түрүндө колдонулган калп кандайдыр бир тарапты (кишини) белгилебейт, бирок казандын кыял болгонун, чындыкта болбогонун, табийгатта жок болгонун, ойлонулган же элестетилгенин белгилемекчи.

Ошондо Kalb kazanı kaynamas, kaynasa hem kuyulmas макалы элестетилген казан кайнабайт, элесте кайнап бышып жатса да, андан чыныгый эчнерсе (мисалы шорпо) куйулбайт деген мааниде колдонулат. Башкача айтканда бул макал-лакаптан чыккан акыл Оозуңду ачып элестетип отурабербей, көчүгүңдү кыймылдатып, иштеп, эмгектенсең анда чыныгый казан асып шорпо ичесиң же орусчаласак Кто не работает, тот не ест дегенге жакын маанини белгилемекчи.

Бексултан мырзанын айткан кадыр-барктуу кишилер болгон эмес, алар калпычынын үйүнө кирген эмес жана макал ошол окуядан кийин тараган эмес. Бул макал деги эле элестеги (imaginary) кыял нерселер жөнүндө айтылган деген ойдомун.

Сиздер кандай дейсиз?

Бул баракка 6 жорум кошулду

Менимче абдан туура айтасыз,

Менимче абдан туура айтасыз, Улан. Кыргыздын арасында сакалчы болгон жаман эчкилер толтура, бирок макалдардын так маанисин билгендер аз. Алардын маанисин таржымалдаш керек. Абдан ишендирүүчү изилдөөңүз үчүн чоң рахмат, бар болуңуз!

туура мен дагы кошулам

туура мен дагы кошулам сиздин оюнузга : "макал элестеги кыял нерселер жонундо айтылган" .Чындыгында кыргыз макал -лакаптарында терен философиялык маании жатат.ошондуктан кайсыл тилдин казынасынан алынса дагы кыргыз тили - ото бай тил !Ал эми изилдоонуз болсо абдан кызыктуу жана орундуу экен.Рахмат

Жогорудагы Бексултан

Жогорудагы Бексултан Жакиевдин Калптын казаны кайнабайт деген макалды чечмелоосу, башка макалдын маанисине топ келип калган окшойт. М: "Бербестин ашы бышпас" дегенге.
Калптын казаны кайнабайт дегениди жон гана: Калп менен эч нерсеге жете албайсын, эч нерсеге жетпеген сон казанга эмнени салып кайнатасын, б.а. казанга салып аш кайнатканга дагы калп менен жете албайсын дегенди тушундурсо керек.

Ал жагын да ойлонуштуруп

Ал жагын да ойлонуштуруп көрдүм, бирок кандайдыр бир олуттуу мантыктуу түрдө жорумдайалбадым. Чагатай өзбектери 18-чи кылымда колдонгон «калб» сөзүнүн маанисин аныкташ керек.

Kalb kazanı kaynamas, kaynasa hem kuyulmas.

Анатолия түрктөрүндө

Анатолия түрктөрүндө «казанбагандын казаны кайнабас» деген окшош макал бар экен. «Казанбаган» деген сөздү кыргыздарга «иштеп жашөө үчүн каражат таппаган» деп түшүндүрсө болот. Бул макалдын ачыктамасы бир топ Интернет барактарында берилиптир, мисалы алардын бирөөсү http://www.anlambilim.net/kazanmayanin-kazani-kaynamaz-nedir-562.htm мындай дейт:

Цитата:
Kazanmayanın kazanı kaynamaz. nedir

Tanımı/Anlamı
Yiyip içmek, geçimini temin etmek isteyen insan çalışıp kazanç sağlamak zorundadır. Kazancı olmayan insanın geçinmesi mümkün değildir.

Түшүндүрмөнун котормосу мындай:

Цитата:
Жеп-ичүүнү, жашоо-турмушун камсыздандырууну каалаган инсан иштеп каражат табууга мажбур. Иштеп тапкан каражаты, акчасы болбогон инсандын жашоо-турмушу мүмкүн эмес.

http://www.turkuyurdu.com/fakir-kazani-kaynamaz-13801.html

"Fakir (Kazanı Kaynamaz)" Türkü Sözü
Kazanı kaynamaz eleği dönmez
Dumanı bacadan çıkmaz fakirin
Kapısı açılmaz bir kimse gelmez
Komşusu yüzüne bakmaz fakirin

Nasip olmaz gide düğüne toya
On bir nüfusu var düşmüş hay huya
Aylar geçer hasret şekere çaya
Kurumuş pınarı akmaz fakirin

Feleğin fakire bilmem kastı ne
Başın koyar kuru hasır üstüne
Dolu düşer harmanının üstüne
Karısı erkenden kalkmaz fakirin

Kurban günü bir et değer diline
Acımazlar neden ise haline
Çocukları elvan değer diline
Düğünde bayramda yakmaz fakirin

Çırağı geliyor bilmem ne yandan
Kirpiği karışmış yaş ile kandan
Her gün kuru ekmek acı soğandan
Yiyor çocukları bilmez fakirin