Сайтка келиме кошуу куралдары

Сайтка келиме кошуу куралдары

Колдонуучулар үчүн ыңгайсыздыкты камсыздандыруу максатында редакторлор кандайдыр бир жалпы куралдарды иштеп чыгып өз араларында сакташы зарыл эмеспи. Мына ошондой куралдардын алгачкы сүрүмүн (версиясын) төмөндө сунуштамакчымын.

Бул куралдар тамамданып кескин түрдө бекитиле элек. Башкача айтканда сиздерди бул эрежелерди талкуулоого жана чогу иштеп чыгып стандарташтырууга чакырам.

Сайтка келиме кошуп жатканда төмөнкү куралдарды сактооңузду суранабыз.

  1. Келиме аланында кириллица менен жана кичик тамга менен башталган сөз жазыңыз. Өзөл ысымдарды (менчик аттар, кишинин аттары) бийик тамга менен баштап жазыңыз.
  2. Келименин жазылышын латын алиппеси менен берип жатканда Алиппе барагында берилген арыптарды колдонуңуз. Латындаштыруу маселелери бул форумда талкууланмакта.
  3. Булак тилде жазылышы аланында алгач булак тилдеги колдонулган арыптар менен бериңиз.

    Андан кийинки аланда булак сөздүн айтылышын латын арыптары менен транслитерациясын бериңиз, анткени эгерде сөз булак тилде араб арыптары менен же иероглифтер менен берилсе анда жалпы кыргыз ал сөз булак тилинде кандай окулуп айтыларын түшүналбай калышы мүмкүн.

  4. Этикеттер келимелерди сыныпташтыруу (классификация) үчүн колдонулат, азырынча анча деле керек эмес, бирок кийнчерек сөзрдөрдүн тизмелерин сыныптарга карата жасоо үчүн мүмкүн болгончо колдонуп тургула. Мисалы, баардык киши аттарын бир тизмеде көргүбүз келсе анда «Раззак» сыяктуу сөздөргө «киши аты» этикетин кошуп турушубуз керек.
  5. Сөздүн англисче жана орусча котормосун http://translate.google.com дон алып туруңуздар. Бул жерге өзгөчө тыккатыңызды (көңүлүңүздү) ургулай кетчү нерсе - бүгүнкү кыргызчада колдонулган маанинин которомсун эмес булак тилиндеги маанинин которомосу киргизилиши керек. Анткени башталыш баракта айтылгандай бул сөздүк кыргызчадагы колдонулган сөздөрдүн булак тилиндеги маанилерин ачыктоочу сөздүк экенин эстен чыгарбагыла.
  6. Кийинки аландар үчүн эрежелер келиме кошуу барагында бираз берилген, бирок толук инструкцияларды өзүңүздөр бул форумда жазыңыз, бул тизмени утур утур толуктап туралы.

Бул баракка 19 жорум кошулду

Нурзат, сайтта азырынча 62

Нурзат, сайтта азырынча 62 гана келиме топтолду, анча деле көп эмес, анын үстүнө алардын баары арабча эмес, өтө кеч боло электе алардын арабча жазылыштарын тактап коюңду суранам.

Бирок, аны этип жатканда жөгөрудагы 3-чү эрежеге коңул бур. Раззак келимесин оңдоптурсуң, баракелде, азамат! Бирок латын арыптары менен жазылыш аланында булак тилдеги айтылышы менен алмаштырып салыпсың. Лүтпен (кичипейилдикке башка жерлерде колдонушу керек ко дейм) «Латын арыптары менен жазылышы» аланында кадимки кириллицанын эле транслитерациясын жаз. Булак тилиндеги айтылышын кыргыз колдонуучуларга түшүнүктүү болсун десең анда арабчанын сол жагына жаз.

Бир сөздүн булак тилиндеги

Бир сөздүн булак тилиндеги арыптар менен латын алиппеси менен жазылыштарын бирбирине карыштырбоо үчүн эки башка аланга бөлүндү. Ошонүчүн үчүнчү эреже бираз өзгөртүлдү.

Нурзат, дагы бир мисал:

Нурзат, дагы бир мисал: http://kyrgyzcha.com/node/58/revisions/view/400/427

"куралдары" эмес "эрежелери"

"куралдары" эмес "эрежелери" десеңиз туурараак болмок ко дейм. "Курал" кыргыз тилинде курал-жарак, буюм деген маанини берет ко дейм. Түркчө эмес да бул.

Дастан, бул сайттын негизи

Дастан, бул сайттын негизи максаты күнүбүздүн кыргызчасын жалпы түрк тилдерине жакындаттыруу.

Мен көп жолу кайталагам жана дагы бир жолу айта кетейин: совет доорунда калыптанып калган расмий кыргызча куралдарын кабыл албайм жана эне тилимди кандай сезсем ошондой колдонобермекчимин.

Күнүбүздүн кыргызчасында «жок андай эмес илла да мындай колдонулушу керек» сыяктуу өтө көп чектөөлөр бар; тил андай чектөөлөр менен өнүкпөйт. Тилекке каршы кээбир сөздөрдү белгилүү гана маанилери чегинде колдонуу үчүн чектөөлөр гана эмес, алардын негизги мааниси бурмаланып калган кыргызчада. Мисал келтире кетсек, «Апендини» кыргыздар келесоо кылып салышкан, Ыдык-Ызык-Ыйык көлдү Ыссык-Көл кылып салышкан.

Ыйык Көлүн тааныбаган маңкурт эл кантип «курал» деген сөздүн негизги маанисин билсин?!

Улан байке, айтканыңызга

Улан байке, айтканыңызга кошулам. Бирок бир чети Дастандыкы деле туура болуш керек - сөз тагыраак, тереңирээк, өзгөчө өзүнө гана тиешелүү маанини туюндурса тил байыраак болот деп эсептейм, анткени ошого жараша сөздөр да көбүрөөк болмок.
Таарынбаңыз , бирок колдонгон сөздөрүңүзгө караганда түркчөгө жакын экенсиз. Түрк тили кыргыз тилине караганда арабча менен фарс тилин көбүрөөк сиңирип алган да. Баса, СССР доорунда колдонулган расмий кыргыз тили, менин оюмча, азыркы расмий тилге караганда дагы маданияттуураак угулчу, себеби сөздөргө стандарттар бар болчу.

Мурат тууган, тилекке каршы

Мурат тууган, тилекке каршы пикириңизге кошула албайм. Кыргызча - түрк тили. «Түркчөгө жакын экенсиз» деп орустардын таасири астында калыптанган жыгач тилди «маданияттуураак» дегениңиз эле арабызда энетилибизге карата көзкараштарыбызда канчалык терең айрымачылык бар экенин көрсөтөт.

Маанилүүсү түрк тили болгон кыргызчаны түрк тили катары колдонгондо сиздерге окшогондор наалыганы менен мага окшогондорду татынакай түшүнүшөт!

Сиздики туура, бирок расмий

Сиздики туура, бирок расмий жана жазма тилде, тил жыгачтан да бекем болуш керек! Бир сөз бир гана маанини бериш керек!

Бир сөздүн миң бир мааниси

Бир сөздүн миң бир мааниси болушу мүмкүн, андай чектөөлөргө каршымын. 70-жылдык «маданияттуу» совет доорунда тилибиз жыгачка айланып өнүкпөй калган. Баса кыргызча угулганы менен күнүбүздүн кыргызчасында парсча жана арабча сөздөр 60 пайыздан ашык. Ошол эле кезде эгемен Анатолия түрктөрүнүн тили Ататүрк баштаган тил ыңкылабы натыйжасында арабизм жана парсизмдерден тазаланып отуруп бүгүн абдан ыңгайлуу жана өнүккөт тил болуп саналат.

Жаңылышасыз, абдан катуу

Жаңылышасыз, абдан катуу жаңылышып жатасыз. Кагаз үстүндөгү сөздөр мүмкүн болушунча аз маанини бериш керек, бул тилдин муктаждыгы.
Түшүнгөнүм боюнча түрк лицейин бүтүргөн окшойсуз. Өтө эле түрктөргө жакын экенсиз, өтө.

Мурат, жашым 37, мен кадимки

Мурат, жашым 37, мен кадимки советтик орус мектебин окуп бүтүргөн кишимин, ал кезде түрк лицейи деген нерсе жок эле. Ар сөздүн бир канча мааниси болушу ар тил үчүн абдан табигый нерсе. Мисалы үчүн: http://kyrgyzcha.org/%D0%B1%D0%B0%D0%BA

Улан байке, мени кечирип

Улан байке, мени кечирип коюңуз. түрк лицейин бүтүргөндөр көбүнчө түрктөргө жакын болуп калышат эмеспи, өзүм түрк лицейинде окугам, билем.
менин момундай пикирим бар, мисалы: аскерде "смирно!" деген сөздү кыргызча аркандай айта беришет "түздөн","какай" деп. Мындай болбош керек да расмий, иш кагаз тилдерине так терминдер керек, бир гана маанини берген.

http://diesel.elcat.kg/index.

http://diesel.elcat.kg/index.php?showforum=98

бул жактан адамдарды тартсаңыз болот, бул жакта кыргыз тилин өнүктүрүүгө кызыккан адамдар көп.

Мурат, лингвист эмес экениңиз

Мурат, лингвист эмес экениңиз абдан сезилип турат. Сиз бир тилдин нормасынан жалгыз бир мисалды таптакыр башка маданият тилинин нормасына теңеп жатасыз. Культурологияда кандай эки башка цивилизацияны бирөө жакшы, экинчиси начар деп салыштыруу жаңылыштык болсо, ошондой эле тил билиминде эки тилди сүзүштүрбөө керек. Мен орусчаны абдан жакшы билем, сүйөм десем болот, бирок ошол эле кезде ага, анын эреже-куралдарына, анын логикасына өзүмдүн эне тилимди салшытыра коюп күчүмсүрө албайм. Анткени ошол эле кезде кыргызчабыз, казакчабыз, өзбекчебиз, түркмөнчөбүз, башкырчабыз, татарчабыз, хакасчабыз, алтайчабыз, карачайчабыз, азербайжанчабыз жана башка ондогон -чаларыбыз баары тең Улуу Түрк Тилине таандык. Сайраган, ырдаган, мыскылдаган, кошок айткан, Манас айткан, чоюлган бир тилибиз бар! Жана ушундай татынакай тилибиздин маңызын түшүнбөй туруп «океңдики мындай болуп жатпайбы, аныкы туура» дегендерге наалып кана калабермекчимин. Силерге канча түшүндүрсө дагы баары бир океңдин империализми мээңерди ушунчалык катуу чайкап койгон, баары бр түшүнбөйсүңөр, тилекке каршы.

Bayke tuura emes oyloboŋuz

Bayke tuura emes oyloboŋuz men da tilibizdin önügüşün kaalaym. saytınızdı ar kaysı jaktan jarı9lap jatam, kırgız-latin aribi menen da jazıp baştadım.
tildi önüktürüügö kanday pikirleriŋiz bar?

Murat, tartışıp talaşsak dağı

Murat, tartışıp talaşsak dağı ene tilibizdin tagdırına ekööbüz teŋ küygüçö ortobuzda eç masele jok. Emi tilibizdi önüktürüü jönündö ar türdüü oy-pikirler bar, birok azırkı biyliktin maga karşı sayasiy kuuguntuktoosu (http://blog.melisbek.com/pravovoy-bespredel-otunbaevskoy-vlasti) bütmöyünçö tilekke karşı kandaydır bir effektivdüü türdö al oylordu işke aşıralbaym. Keede ğana biraz boşuraak ubakıt bolup kalğanda tordoğu kırğız tuugandar menen uşintip pikir alış-berişip turam.

Ulan bayke, men misalı,

Ulan bayke, men misalı, orusçadan ar-kanday kıska makalalardı kotorup baştadım.
Köp tükürsö köl bolot emespi, men da koluman kelişinçe kotoroyun. sizdin kritikaŋızga muktajmın.
kotoruu arkıluu bir çeti özümdün kırgızçamdı da jakşırtayın degem.

Orusçadan kotorboy ele koy.

Orusçadan kotorboy ele koy. Andan körö bizge tuuğan başka türk tilderinen kotor.

"В чем же тут дело? Почему же

"В чем же тут дело? Почему же кыргызский язык активно не используется как язык обучения в вузах, в средних специальных учебных заведениях нашей республики? О причинах говорилось уже много раз. У кыргызского языка не сформирована одна из главнейших функций национального языка, а именно научно-образовательная. Всем известно, что основная часть информации небытового характера хранится, используется и распространяется в Кыргызстане на русском языке. В библиотеках Кыргызстана более чем 90 процентов изданий на русском языке. Значит, чтобы увеличить долю кыргызского языка, нужно предпринять титанические усилия по переводу всей этой накопленной информации на кыргызский язык. Если мы действительно являемся патриотами кыргызского языка, мы должны содействовать его всемерному развитию. Нам нужно, засучив рукава, приняться за укрепление, развитие кыргызского языка, формирование его внутренних ресурсов. Делать его информационно насыщенным, научно содержательным, терминологически развитым. Это именно то, что позволит усилить мощь и силу родного языка, сделает его конкурентоспособным.
Но для этого необходима многолетняя, кропотливая, систематическая работа нашей научной интеллигенции, при этом не только языковедов, но и специалистов всех отраслей знаний как естественнонаучных, так и гуманитарных сфер. Нужна целенаправленная работа, которая позволит кыргызскому языку быть не только языком поэзии и романов, не только средством семейно-бытового общения, но и инструментом интеллектуального роста, профессионального совершенствования. Но это не может случиться стремительно, сегодня же, по мановению волшебной палочки или по желанию радикальных сторонников кыргызского языка. Для этого понадобится многолетняя систематическая работа вузовской, академической интеллигенции. Для этого со стороны государства нужна реальная финансовая поддержка. Только на трудовом энтузиазме и патриотизме эту сложную проблему сегодня невозможно решить. Понадобятся многие годы для того, чтобы поднять государственный язык до уровня развитых языков."
http://ipp.kg/ru/news/2392/